♦   Дайыма жакшы ойлорду ойлоңуз, жаманын жолотпоңуз.    ♦    www.санжыра.рф    ♦    Айланаңыздан жакшы адамдарды издеп, жакшы адамдарга гана жанашыңыз.    ♦    www.санжыра.рф    ♦    Башкалардын ийгилигине чын жүрөктөн сүйүнүңүз, ошондо сизге да ийгилик жылмаят.    ♦    www.санжыра.рф    ♦    Башкага жакшылык кылсаңыз, андан жообун күтүп жүрө бербеңиз.    ♦    www.санжыра.рф    ♦    Дайым ыраазы болуп жүрүңүз жана сизге жакшылык кылган адамдарды эч качан унутпаңыз.    ♦    www.санжыра.рф    ♦    Башкаларды капа кылбаңыз жана өзүңүз да обу жок капалана бербеңиз.    ♦    www.санжыра.рф    ♦    Алга умтулуунун негизи - эгер өнөктөшүңүзгө жакшы сөз айта албасаңыз, сүйлөбөй койгонуңуз оң.    ♦    www.санжыра.рф    ♦    Жакшы жүрүм-турум - жарашыктуу, тыкан кийимге да муктаж экенин унутпаңыз.    ♦    www.санжыра.рф    ♦    Жылмаюу сиздин көркүңүздү ачуу менен айланадагыларга да жаркын маанай тартуулайт.    ♦    www.санжыра.рф    ♦    Жүрөгүңүз таза болсо, алкышка ээ болосуз.    ♦   

Кош келиңиздер

Бул сайт кыргыздардын санжырасын тактоого жана мындан ары өнүктүрүү менен бирге каада-салттарын да, элге жеткизип турууга арналмакчы.

Санжыра - Бабалардан керээз, келечекке мурас. Санжырада - Эрден Элге адам наркы, өмүр куну, өтөлгөсү өтсүн-сиңсин, өркүндөсүн деп, айтылып келет.

Санжырада - Элден Элге насаат, осуят, таалим үлгү таркалсын, абийир, намыс, биримдик тагдыр баркталсын деп айтылып келет.

Санжырада - Кыргыздын салтанат-салты, насили дайын болуп, азгын тозгун, карып-мискин, бей-бечарага кайрымдуу, ырайымдуу калк болгону даңазаланат.

Карылары каадалуу, нарк, санатты сүйлөгөн даанышман;
Аялдары ажарлуу, адептуу, билгич, айжаркын;
Жигиттери жигердуу, өрттөн жалтанбаган, жоодон тайманбаган баатыр;
Келиндери келбеттуу, кенен өсүп, кенен жүргөн шайыр;
Кыздары кымбаттуу, өңдөрү сулуу, сөздөрү жылуу, кыз кийбесе уят деп, бар тапканын кыз-кыркынга кийгизген, Кыргыз, мырза эл болгону данкталат Санжырада.

Бул сайттан Сиздер санжырадан башка дагы көп керектуу, кызыктуу нерселер, жаңылыктар менен таанышып көрүп турсаңыздар болот.

Санжыра боюнча тактоо иретинде кошумча алымчаңарды, сунуш пикирлериңерди эл.почта аркылуу берип туруңуздар.
Бул иштер сайт аркылуу жүргүзүлүп жаткандыктан туура эмес кеткен жерлери болушу мүмкүн. “Көч бара-бара түзүлөт” дегендей Сиздердин жардамыңыздар менен сайт келечекке пайдалуу кызмат кылат деген ойдобуз.

Бул сайт - Теңир жараткан тегибизди азыркы муун, кийинки муун, урпактар менен улап-курап кандаштырып жалгаштырып турган уютку болушуна ишенебиз. ЗЭТ



Биздин дарек:
E-mail: tzamirbek@rambler.ru
Tel: +7 966 375 32 45


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖӨНҮНДӨ
КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

⇒ Кыргыз Республикасы (КР) Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Чегарасынын жалпы узундугу 4508 км. Эң узуну Өзбекстан менен болгон чегара (1374 км).
⇒ Республиканын батыштан чыгышка чейинки эң узун аралыгы 925 км, түндүктөн түштүккө чейин 453,9 км.
⇒ Жалпы аянты 199,9 миң км2, анын 93%и тоо, аймагынын 94,2 %и деңиз деңгээлинен 1000 м, 40,8 %и 3000 метрден ашык бийиктикте.
⇒ Калкынын жалпы саны 6,2 млн (2018, 01-январь).
⇒ Административдик аймагы 7 облустан турат: Ош, Жалалабат, Баткен, Талас, Чуй, Ысыккөл, Нарын. Борбору - Бишкек ш.
⇒ Кыргызстанда эң ысык температура+44°С-Чуй, эң суук температура -54°С Аксай метеостанциясында катталган.
⇒ Кыргызстан жер шарынын кургак жеринин 0,13%ын ээлейт, дүйнөлүк фаунанын 3%ке жакыны бар.
⇒ Кыргыз Республикасы өзүнүн тарыхында алгачкы жолу 1991 жылдын 31-августунда көз каранды эмес эгемендүү мамлекет болуп жарыяланган.
⇒ Кыргыз Республикасынын 1 -Конституциясы 1993 жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.



Кабарлар

КЫРГЫЗДАР КЫРК КЫЗДАН ТАРАГАНБЫ, же САНЖЫРАЧЫ ОСМОНААЛЫ СЫДЫКОВДУ КИМДЕР ШЫЛДЫҢДАГАН?
Гүлзат Аалиева, Фейсбук баракчасынан, 11.08.2020-ж.)
УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС!
ТЕҢИРИМ ЖАЛГАП, КЫДЫР-УМАЙЫМ (КУДАЙЫМ) КОЛДОСУН!
Жети атаны билүү - ар бир кыргыздын улуу парзы. Жети ата орточо эсеп менен 30 жашында балалуу болсо, демек, 7 x 30 = 210 жылдык тарыхты билебиз.
210 жыл мурда жашаган 7-атанын жети атасын билүү, демек, 210 x 7 = 1470 жылдык тарыхты билүүгө барабар.
ХХ кылымдын башында Кочкордон чыккан Осмонаалы Сыдыков деген санжырачы Ташкентте диний медреседе билим алат. Мындан аркысы...
“КЫРГЫЗДАРДЫН ТАРЫХЫЙ ГЕОГРАФИЯСЫНАН” (Курманали Матикеев • 27-январь 2020-ж. • 09:47 • Фейсбуктан)
Урматуу менин окурмандарым мындан кийин жаңыдан жарык көргөн китебимден үзүндүлөрдү берип турам.

Кириш сөз
Өткөн ата-бабаңды
Олтурган жерден ким кууган.
(Кыргыз эл санжырасы.)

Тарыхтагы байыркы кыргыз уруулары азыркы түрк элдеринин башатын түзгөндүгү, айрым уруулардын жок болуп кеткендиги, же түрк элдеринин урууларына айланып калгандыгы, эбегейсиз Евроазия чөлкөмүндөгү бөлүнүп калуунун жана көчүүнүн натыйжасында болгон. Алгачкы мезгилде Кыргыз эли «Күн» эли деп аталып, кийинки доорлордо «киен-куйн», «хакас», «кыр-сахро-огуз», «кыр-огуз», «гекун», «жянкун», «жийегу», «чийигүү», «хегес», «шагас», «жылыс», «булути» жана «гун» деп аталып келген. Кыргыздар байыркы доорлордо «макачы», «кыргынчы», индус тарыхында “Косан” деп аталганы “Кыргыз эл санжырасында” маалымдалат. Кыргыз элинин түпкү теги Мухаммедден 3400 жыл илгери (жаңы стиль боюнча 4700 жыл башта) жашагандыгы; улуттук ичимдик болгон бозонун пайда болгонуна 9 миң жыл өткөндүгү; тарыхчы Фавет Бузандын «кыпчактын кол башчылары бозо ичет» деген маалыматты; «Улуу дубалдын» б.з.ч. 14-3 кк. кытай кол башчысы Лоу-Лянь, императору Ин-Чтян-Цин Щи Хуанди тарабынан кыргыздардан коргонуш үчүн курулгандыгы жөнүндөгү маалымат; Иран, Ооган, Тажик элдериндеги Манос, Момос, Манус баатырлар кыргыз элинин байыркылыгын тастыктап турат. Мындан аркысы...


- Байыркы элдер жөнүндөгү маалыматтар (Курманали Матикеев • 3-февраль 2020-ж. • 08:15 • Фейсбуктан)
Тарыхтарда сактар (савроматтар) байыркы эл, алардын жашап өткөн мезгили «алгачкы темир доору», «алгачкы көчмөндүүлөр доору», «скифтер доору» деген ат менен сакталып келет. Алар Евроазия талааларында көчүп жүрүшкөндүгү, Кара деңиз боюндагылары «скуда» (шкуда), кийинчерээк «сколоттор» деп аталгандары Геродоттун тарыхында берилет (Геродот, IV к.б.з.ч.). И.М. Дыякановдун маалыматы боюнча (1981-ж) скифтер Хуанхе (Сары-Суу) дарыясынан Дунай дарыясына чейинки аралыкта, б.з.ч. IX-VIII кк. таркалып, Волганын чыгышында жашагандары «Скиф уруусу» деп аталган. Жети-Суу жана Канг (Сыр-Дарыя) чөлкөмүндө жашаган «Се» элдерин «сактар» деп аталгандыгы (С.Г. Кляшторный, Т.Н. Султанов, 1992-ж), кыргыз элинин калыптанышы сактар дооруна улай келери тарыхтарда тастыкталат. Толугу менен...
- Чакан этносторду өзүбүз изилдей алабызбы? (Тынчтыкбек Чоротегин, Жарыяланган учуру: 24.04.2015-ж.)
Кыргызстандын этнологдору быйыл чын курандын (апрелдин) 4-үндө жыйын өткөрүшүп, анда өлкөдөгү чакан этносторду изилдөө көйгөйлөрүн да козгошту. Бул – илимпоздук маселе болуп гана чектелбестен, демократиялык коомду куруудагы маанилүү атуулдук милдетке да жатат... Толугураак...
- "Саяк элдин шогу, Солто элдин тогу, Сарбагыш менен Бугунун барынан жогу" («УЧУР» газетасы, 14 июнь 2012-ж., Кыргызча саясат)
Өткөн жумада Бугу-Сарбагыш урууларынын аксакал-көксакал билермандарыбыз дегендер "Кан Кошой" кафесине чогулушуп, эки уруунун ынтымагы жөнүндө сөз алышып, "Бир кезде ичибизге кирген эл бузарлардын кайраштыруусу менен бир атанын баласы, эки биртууган араздашкан экен. Ошону унуталы. Толугураак...
- Элдин талкуусуна коюлган багыттама(концепция)
- Кылымдын тереңине телескоп.(З.Осоров)
Жакында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивинде өлкөбүздүн жазуучуларынын, тарыхчыларынын “Кыргыздын 15 том тарыхы” энциклопедиялык басылмасын даярдоо жана басмадан чыгаруу иштерин баштоо жөнүндө конференциясы өткөрүлдү. Толугураак...
- Улуттук уюткулуу ынтымак үчүн.(Арыстан Эсенгул, Аалам, №30,28.04.2009)
Дүйнө бүгүн чайналып турган мезгили. Бүт адамзатты түйшүккө салган экономикалык каатчылык бир жагынан кысса, экинчи жагынан дүйнөлөшүү (глобализациялоо) агымы майда улуттардын улам бирин мойсоп, дүйнөнүн чоң-чоң бөлүккө бөлүнүү процессин ылдамдатууда. Толугураак...




КАЙДАСЫҢАР       КАГЫЛАЙЫН       КЛАССТАШТАР
 Русский

E-mail:

Логин:
Каттоодон өткөндөр










Санжыра: Бугу уруусу.
Тынымсейит 1-бөлүк.


Санжыра: Бугу уруусу.
Тынымсейит 2-бөлүк.


Санжыра: Бугу уруусу.
Алыбай уулу 1-бөлүк.


Санжыра: Бугу уруусу.
Такабай.


Санжыра: Саяк уруусу.
Бөлөкбай тукуму.


БКМА Дастан Сарыгулов
Санжыра 1.


Кыргыз элинин 7000
жылдык тарыхынын
илимий далилдери.
К.Чороев т.0555973579


Кыргызы официально
стали древнее
на 3000 лет.


Кыргыз тарыхы талашта
турат, сөзсүз көрүңүз!

Кыргыз калкынын
этникалык курамы

Кыргыз урууларынын
белгилери (тамгалары)

                                                 КАЙРЫЛУУ
                                                 ОБРАЩЕНИЕ

  • Нух

  • Долон бий









  • Тарыхий
    инсандар


    Санжырачылар

    Санжыра деген эмне?

    Кыргыздардын
    тууганчылык
    катнаштары


    Copyright © 2009  Кыргыз санжырасы,
    Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ