ЧЫҢГЫШЕВ АБДЫРАЛЫ АЛСЕЙИТ УУЛУ, 1944-жылы Нарын шаарында төрөлгөн.
Фрунзедеги Политехникалык институттун (ФПИ) энергетика факультетинин
“Электр-иштеткич жана өнөр жай орнотмолорун автоматташтыруу” адистигин
1968ж. бүтүрүп, ФПИнин “Электр машиналары жана аппараттары” (ЭМА)
кафедрасында ассистент, Москвадагы энергетика институтуна 1971-1974 жж.
аспирант. Диссертацияны ийгиликтүү жактап, техника илимдеринин
кандидаты деген илимий даражага ээ болуп, кайрадан ФПИнин “ЭМА”
кафедрасына (азыр “Электромеханика”) 1975-1976жж. ага окутуучу,
1979-1994 жж. доцент, 1994-2004жж. профессор катары окуу-педагогикалык
жана илимий иштерди жүргүзөт. Ошол эле мезгилде 1979-1984 жж. ЭМА,
1994-1995ж.ж. “Электромеханика” кафедраларын башкарып, илимий иштерин
жетектейт. 1976-1979 жана 1991-1994жж. ФПИ (КТУ) нун профсоюз
комитетинин бошотулган төрагасы болуп шайланып, “политехник” чоң
жамаатынын ар кандай социалдык көйгөйлөрүн белсене чечип жүрөт.
1993-жылы “Ала-Тоо-инвест” атту инвестициялык фонд уюштуруп, аны
башкарган “Транзактор” инвестиция-консалтингдик, башкаруучу
компаниясынын негиздөөчүсү жана директору. 2004ж тартып “АРПА” АК
директорлор кеңешинин төрагасы 60тан ашык илимий иштердин, 8 окуу
усулдардын жана окуу куралдардын автору. Кыргыз республикасынын
Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти (1998ж.), академиги
(2014ж.), “Билим берүүнүн отличниги”, “Финансы рыногунун отличниги”
деген наамдарга татыктуу болгон.