Башкы бетке


АКМАТОВ ЖАНГАЗЫ УРСАЙЕВИЧ коомдук ишмер, экономист, юрист, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кеңешчиси, Ысык-Көл облустук “Көл Биримдиги” жарандык коомунун төрагасы, Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунун жана Ысык-Көл облусунун Ардактуу атуулу. “Бабалар баяны же урпакка кеткен татаал жол” китебинин автору. 1953-жылы Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында төрөлгөн. Эмгек жолу: Пржевальск общепитинин трестинин генералдык директору, Чолпон-Ата курорттук соода уюмуну башкы директору, Чолпон-Ата шаарындагы “Жетиген” акционердик коомунун башкы директору, кийин Чолпон-Ата шаарынын мэри, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-губернатордун орун басары, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, “Азия Универсал Банк-Ысык-Көл банкынын” жетекчиси, “Ысык-Көл Залкар банкы” ААКнын башчысы, “Ысык-Көл-Росинбанк” ААКнын филиалынын директору кызматтарын аркалаган. Жангазы Урсаевичтин уюштуруучулук жөндөмү, кесиптик чеберчилик жана ишмердиги, эл менен тыгыз биримдиктеги бийиктиги, жөнөкөйлүгү, жетекчилик кызматтарды ак ниет аркалап, жалпы республикабызга белгилүү турмуш жолу өрнөктүү жана үлгүлүү. Ошондуктан ал элдин сыймыгы жана тиреги болуп келет.
Кыргыз санжырасын толугураак билгиңиз
келсе
www.sanjyra.ru сайтына кириңиз.