СЕИТОВ ЖОЛДУБАЙ ТЕРМЕЧИК УУЛУ, 1953-жылы Бакай-Ата районуна караштуу
Жон-Коргон (Кыргызстан) айылында туулган. Армиядан келгенден кийин 1974-1979-жылдары
колхоздо шофёр-комбайнёр болуп иштеп, күжүрмөн эмгеги үчүн “IX беш жылдыктын
ударниги”, “Социалистик жарыштын жеңүүчүсү”,
“Кыргызстандын Лениндик комсомолунун лауреаты” жана облустук
Борбордук Комитети тарбынан жеӊил автомашина менен сыйланган.
1979-жылы комсомолдун жолдомосу менен ички иштер министрлигинин
(ИИМ) ППС отделениясына командир кылып Пржевальск шаарына жиберилет.
Ошол эле жылы Пржевальск пединститутунун адабият бөлүмүнө сырттан
окуусуна кабыл алынат. 1981-жылы Мордовия АССРнын Саранск ш. взводтун
командирлер курсунда окуп, кайрадан Пржевальск ш. келип, 1982-84ж.ж.
ППС взводунун командири болот. 1984-1992ж.ж. Талас жана Бакай-Ата
райондорунун ИИМ бөлүмдөрүндө жоопту кызматтарда иштейт. 1992-1995ж.ж.
Кыргыз Республикасынын Коргоо Министирлигине которулуп, Башкы штабынын
ОРООнун командири болуп кызмат өтөйт. 1995-1998ж.ж. Бишкек ш. Октябрь
райвоенкоматынын 2-отделинин башчысы болуп туруп, подполковник наамында
ардактуу эс алууга чыккан.