Башкы бетке


КУРМАНКОЖОЕВ МУКАНБАЙ ЖУНУШАЛИЕВИЧ, 1953-жылы Нарын районунун Эмгекчил айылында туулган. Эмгек жолун 1975-жылы “Нарын облустук Сельхозтехника” бирикмесинде инженерден бөлүм башчылыкка чейин, Тогуз-Торо районундагы айыл чарбасын механизациялаштыруу мекемесинде башкы инженерлик кызматты аркалаган. 1981-1992-жылдары Нарын облустук айыл чарбасын камсыздоо базасында бөлүм башчы, башкы инженер, директордун орун басары болуп, ал эми Нарын облусу менен Ысык–Көл облусу бириккенде облустук “Агроснаб” бирикмесинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. 1992-жылдан “Кыргызсельхозтехника” бирикмеси “Кыргызайылкөмөк корпорациясы” болуп аталгандан бери төраганын орун басары, төрага, директорлор кеңешинин төрагасы кызматын 2007-жылга чейин аркалап келген. Атуулдук сезими бийик, уюштургуч, жоопкерчилик адамдык сапаты аркылуу тынымсейиттерди биримдикке келтирүүдө көп аракеттерди жасаган. Мисалга, Кытай Эл Республикасына барып тынымсейит туугандарга жолугуп, алардын санын, жашоо турмушу менен таанышып, Текес ооданында Көк-Терек айылында 300-дөн ашык үй-бүлөө туугандарыбыз жашарын иликтеп келген. Улуу акыныбыз Арстанбек Буйлаш уулунун 190-жылдык мааракесин өткөрүу боюнча туугандардын атынан коомдук комиссия түзүлүп, анын төрагасы болгон.
Кыргыз санжырасын толугураак билгиңиз
келсе
www.sanjyra.ru сайтына кириңиз.