ТЫНЫБЕКОВ ЗАМИРБЕК ЭШЕНОВИЧ - 1955-жылдын 20-апрелинде Ысык-Көл областынын
Каракол шаарында туулган. Мамлекеттик кызматтын 1 класстагы Кеңешчиси.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отличниги.
Эмгек жолун Тоң районундагы коммуналдык ишканасында слесарь болуп 1972-жылы
баштаган. Жогорку окууну бүткөндөн кийин, жолдомонун негизинде Каракол
шаарындагы Ысык-Көл областтык финансы башкармалыгынын Контролдук-ревизиялык
башкармалыгына (КРУ) катардагы текшерүүчү-ревизор болуп орношот.
1992-жылы КР Финансы министрлигинин Ысык-Көл областы боюнча
КРУнун начальниги болуп дайындалат. 1993-жылы анын ордуна
Ысык-Көл областык Мамлекеттик финансы инспекциясы түзүлгөндө, ушул
инспекциянын начальнигинин орун басары болуп дайындалган. 1995-96-жылдары
КРнын Жогорку Кеңешинин алдындагы Контролдоо палатасында
инспектор болуп кызмат өтөгөн. 1996-1998-ж.ж. КРнын
Премьер-министринин (А.Жумагулов) аппаратында референт, 1998-2003-ж.ж.
КРнын Эсептөө палатасында башкы инспектор, бир аздан кийин
текшерүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2003-05-ж.ж. КРнын Финансы
министрлигинин алдындагы АБР кредиттик линиясында
директордун орун басары болуп кызмат өтөгөн. 2005-10-ж.ж.
Бишкек шаарында “Мекеним Кыргызстан” коомдук бирикмесинде Координациялык
кеңештин башчысынын орун басары, 2010-15-ж.ж. КР “Кыргыз почтасы”
МИнын Контролдоо-инспектордук бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеген.