БЕКБОЕВ ЗАРЛЫК ШАРШЕЕВИЧ, 1952-жылы Нарын районунун Ак-Булуң
айылында төрөлгөн. 1977-1991-жылдарда Тянь-Шань райондук финансы
бөлүмүндө бюджет инспекциясынын башчысы, Тянь-Шань райондук
мамлекеттик камсыздандыруу инспекциясынын башчысы, Тогуз-Торо
районунун финансы бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет, Тянь-Шань
райондук финансы бөлүмүнүн башчысы. 1991-1992-жылдарда Нарын
областтык финансы башкармасынын башчысы, 1992-1994-жылдарда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык
инспекциясынын директорунун орун басары, 1994-1997-жылдарда Чүй
областтык финансы башкармасынын башчысынын орун басары болуп
иштеп келген.. Салык кызматынын III даражадагы Мамлекеттик
кеңешчиси (Салык кызматынын генерал-майору). 1997-жылдан тарта
банк тармагына өтүп Борбордук Азиялык кызматташуу жана өнүктүрүү
банкынын Бишкектеги филиалында бөлүм башчы, 2003-жылдан тарта
“Ак-банк” ААКнын башкармасынын башчысынын орун басары,
2005-жылдан тартып азыркыга чейин “ Береке-Кредит” микрокредиттик
компаниясынын директору болуп эмгектенүүдө. Эсенгул Ибраевдин
“Адамга эмне керек” деген ырына обон жараткан. “Тынымсейит
уруусунун таралышы жөнүндө санжыра” (2014ж.) китебинин автору.